Ташкентте көп кабаттуу үйдө лифт үзүлүп, 11 киши жаракат алды

  • 10 месяцев мурун

Ташкенттеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жүк ташуучу лифт үзүлүп кетип, 11 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык 18-июнда түштөн кийин Янгихаят районундагы көп кабаттуу үйдө болгон.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, адамдар түшүп бараткан лифт техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам ылдамдыгын кескин тездетип, биринчи кабатка жеткенде автоматтык түрдө авариялык токтотуу системасы иштеп кеткен. Өз кезегинде бул адамдарды оор жаракаттардан сактап калган.

Кырсыктан улам 11 киши жаракат алып, баары тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Медициналык текшерүүдөн кийин алардын сегизи үйлөрүнө кое берилип, калганы дарыгерлердин көзөмөлүндө калган.

Учурда укук коргоо жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү кырсыктын себептерин тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты