Адылбек Касымалиев Өзбекстанга иш сапары менен барат
- 4 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-17-июнда иш сапары менен Ташкент шаарына барат.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.
Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөөрү жана башка сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда.
Мындан тышкары, форумга катыша турган делегация башчылары менен бирге Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo) барып бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү, ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборунда тарыхый булактар менен таанышат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




