Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу өттү

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 16-ноябрда, Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын пПрезиденти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Садыр Жапаров буга байланыштуу аймактын мамлекеттеринин позицияларды координациялап, “Борбор Азия +” форматындагы аянтчаларда башка мамлекеттер менен болгон саммиттердин алдында тышкы саясий ведомстволордун консультацияларын уюштуруу аркылуу чыгуусун сунуштады.

Экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты чыңдоо контекстинде президент соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты сапаттуу өркүндөтүү жалпы негизги милдет болуп саналарын белгиледи.

“Өткөн жылы Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген түз инвестициялардын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 15%га өсүп, 135 млн АКШ долларын түздү. Жалпысынан акыркы үч жылда Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 28%га көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 1 млрд 700 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14%га көбөйдү” деди мамлекет башчысы.

Чыныгы интеграцияны андан ары тереңдетүү үчүн ал үч негизги кадамга көңүл бурууну сунуштады:

Биринчиси: Өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу, стандарттарды жана техникалык регламенттерди шайкеш келтирүү.

Экинчиси: Чийки зат моделинен алыстап, кайра иштетүүчү өнөр жайды жана жаңы индустриалдык кластерлерди түзүү менен конкреттүү биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды өнүктүрүү.

Үчүнчүсү: Санариптештирүүнү: электрондук коммерциядан баштап маалымат алмашуу жана киберкоопсуздукту чыңдоо үчүн трансчек аралык платформаларды түзүүгө чейин өсүштүн катализатору катары колдонуу.

Садыр Жапаров транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине токтолуп, аймакта жаңы транспорттук артерия түзүлүп жатканын белгиледи.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты