Ташкент-Тамчы багыты боюнча авиа жүргүнчүлөр каттамы жүрө баштады
- 3 недели мурун
Өзбекстан лоукостери — Fly Kiva авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы (“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту) багыты боюнча алгачкы жүргүнчүлөр каттамын ишке ашырды.
Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору билдирди.
“Каттамдар 2025-жылдын 22-июнунан тарта аткарыла баштады жана 2025-жылдын 10-августуна чейин жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Бул багытта каттамдардын ачылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү авиакаттамдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрөт” деп айтылат маалыматта.
Билеттерди авиакассалардан сатып алууга болот.
Сүрөт: «Кыргызстан аэропортторунун» видеосунан
Муну бөлүшүү