Ташкент облусунда коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн 3200 жаран иштен алынды

  • 2 года мурун

Ташкент облустук санитардык-эпидемиологиялык жана коомдук саламаттык башкармалыгы кызматкерлерди милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү талаптарынын аткарылышы боюнча бир нече тармактагы ишканаларда текшерүү жүргүзүштү.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 6526 киши коронавируска каршы вакцина албаганы аныкталган. Алардын 5025ин бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер түзгөн.

Мекеменин маалыматына караганда, эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлердин 3200ү убактылуу иштен алынса, 374 кишиге айып пул салынды.

Быйыл июль айында Өзбекстандын башкы санитардык дарыгеринин чечими менен 18 жаштан ашкан жарандардын айрым категориялары үчүн коронавируска каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүү талабы киргизилген. Алар: соода жана тейлөө объектилеринин, спорттук мектептердин, эс алуу жайларынын, маданий-көңүл ачуучу мекемелердин, коомдук тамактануу жайларынын жумушчулары жана аскер кызматкерлери.

Августта Президент Шавкат Мирзиёев иш берүүчүлөргө вакцина алуудан баш тарткан кызматкерлерди жумушка чыгарбоого укук берген мыйзамга кол койгон.

Сүрөт: ВТА

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты