Интернетте жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салуу мыйзамы күчүнө кирет

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 10-февралда, жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК), интернет тармагындагы сайттарда жана баракчаларда жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам күчүнө кирет.

Мыйзамга президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-январында кол койгон.

Аталган мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчилик каралып, бул жосундар үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Ошондой эле, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт.

Мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты