Кызамык эмделбегендер арасында көп катталууда. 12-майда кошумча эмдөө башталат

  • 1 месяц мурун

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 6 миңден ашты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 29-апрелине карата өлкө боюнча кызамыктын 6 102 учуру катталды.
Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 9 өлүм катталды, алардын ичинен: 6 учур — бир жашка чейинки балдар арасында (жашы жетпегендиктен эмделбеген); 2 учур — медициналык каршылыгы бар адамдар арасында;1 учур — эмдөөдөн баш тартуу фонунда болгон.

Кызамык баарынан көп Бишкекте катталган – 3791 учур.  
Жалпы ооругандардын ичинен 5 749 адам (94%) эмделбегендер.  
Кызамык боюнча эпидемиялык кырдаалга жооп катары, өлкө боюнча 9 айдан 7 жашка чейинки 906 миңден ашуун балага эки этаптуу иммунизация жүргүзүлгөн. Бирок, карабастан, кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдөн баш тартуу деңгээли жогору бойдон калууда.

2025-жылдын 12-майынан баштап кошумча эмдөө иш-чаралары башталат. Учурда даярдык иштери жүрүүдө, вакциналар жана керектүү материалдар аймактарга жеткирилүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты