Ташиев Садыр Жапаровдун кудасы, агасынын бажасы деле кармалганын айтты

Бүгүн, 18-мартта, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бажыдагы чоң коррупциялык ишке шектелип кармалганын тастыктап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев мындан трагедия кылбаш керектигин, мурда деле мамлекеттик кызматта иштегендердин жакындары кармалып келгенин, бирок жашырылып калганын билдирди.  

-Дагы бир жолу кайталап айтайын, 8 адам кармалды, мындай нерсе көп эле болот, муну биз ачыкка чыгарбай жатпайбызбы. Ачык эле айтып коеюн, ушундай бир маселе, чоң кызматта иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузуп кармалып калат, мыйзам чегинде жол берип жатышат. Садыр Нургожоевичтин кудасы дагы кармалды, ал дагы отуруп чыкты. Садыр Нургожоевичтин бир тууган агасынын бажасы чек ара кызматында, постто начальник болуп турган “Достукта”, ал дагы кармалды. Ал мыйзам чегинде жазасын алды. Менин деле  жакындарым, өкүл балам кармалып жатат жана башкалар.

Башкача айтканда, мамлекеттик кызматта иштегендердин жакындары мыйзам бузган болсо, аларды эч аёого болбойт. Башка жөнөкөй адамдардай болуп, алар да жазага тартылат.

Ушул боюнча, урматтуу президентибиздин бизге койгон тапшырмасы бар, ошол тапшырманын негизинде эч кимди аябайбыз. Эгерде мыйзамды буздубу, мыйзам чегинде жооп берет. Ошондуктан бүгүнкү күндө Башкы прокурордун кайнисинин кармалганын эч кандай трагедия  катары карабаш керек же муну кайсы бир деңгээлде тирешүү деп кабыл албаш керек. Бул адаттагыдай эле көрүнүш. Мындан ары да ушундай болот. Кайсы бир мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузса, ал жоопко тартылат. Президенттин койгон негизги тапшырмасы ушунда, -деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.  

Бүгүн, 18-мартта, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бажыдагы чоң коррупциялык схемага катыштыгы бар деп шектелип, кармалганын УКМК төрагасы ЖМКга тастыктады.

      Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты