Ташиев сөз эркиндигинин абалы тууралуу пикирин айтты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Абакиров сөз эркиндиги тууралуу маселе көтөрдү.

«Журналистиканын эркиндиги маанилүү. Акыркы эки, үч жылда сиз козгоп, кармалган коррупционерлер боюнча мурун журналисттер изилдөөлөрдү жасаган. Журналисттер көз карандысыз, жакшы изилдөөлөрдү кыла алышат», — деди Абакиров.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтты.

«Эмне Кыргызстанда журналисттердин эркиндиги жокпу? Кайсы журналист эмнени кааласа, кандай кааласа жазса болот. Акыркы жылдары булардан талап кылып жатабыз. Калп нерсени жазгандарды, мамлекеттик тынчтыкка бүлүк салганга аракет кылган адамдарды жазага тартышыбыз керек. Ошондо гана мамлекетибизде тынчтык болот. Кечээ Баткенден учуп келатып Темировдун (ред. «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров) материалын көрүп калдым. Анда  вьетнамдыктарга жерибизди сатылып кетти деп чыгарыптыр. Ошону журналист деп айтсак болобу? Ал вьетнамдыктарды, инвестиция алып келиш үчүн бир жылдан ашык убакыт чуркайбыз», — деди Ташиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты