Ташиев Нарын обл. медицина мекеме жетекчилерине 20 автоунаа белекке берди

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 2-февралда Улуттук коопсуздук мамлеккеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облустук медициналык мекемелерине 20 автоунааны белекке берди.

Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына (төрөт бөлүмү) 3 унаа, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна (Нарын шаары, Нарын району, Кара-Кужур, Орук-Там) 4 унаа, Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 1, Нарын облустук соттук медициналык экспертиза бюросу 1, Б.Шамеев атындагы Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна (Торугарт ФАП, төрөт бөлүмү) 3, О.А.Коккозова атындагы Ак-Талаа районунун жалпы дарыгерлик практикалык борбору ( Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ооруканасы, төрөт бөлүмү) 3 унаа, Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна (Миң-Куш айыл ооруканасы, төрөт бөлүмү) 3 унаа, Кочкор райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору (төрөт бөлүмү) 2 унаа менен камсыздалды.

Нарын облустук медициналык мекемелеринде буга чейин кызматтык автоунаалар жетишсиз болуп келген.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты