Ташиев ломбарддардын ишине «өзгөчө көңүл бурууну» тапшырды

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев күч органдарынан өлкөдөгү күрөөканаларга “өзгөчө көңүл бурууну”  тапшырды.

Бул тууралуу ал 25-декабрда атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып айтты.

Ташиевдин айтымында, ломбарддар – 2023-жылдагы акыркы негизги тапшырмалардын бири. Ал күрөөканалардан карапайым калк жогорку пайыз менен насыя алып, натыйжада мүлкүнөн ажырап калып жатканын белгиледи.

Ташиев Улуттук банкка да кайрылып, өлкөдөгү ломбарддардын лицензиясын жана үстөк пайызы 30%дан ашып-ашпаганын текшерүүгө чакырды. Мыйзам бузуулар аныкталса, күрөөкана ээлерине чара көрүлөт.

Кыргызстанда буга чейин да көп пайыз менен карыз берген ломбарддардын иши талкууланган. 2021-жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган «Сомо» компаниясынын Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн жабуу тууралуу буйрук берген.

Кийин бул сыяктуу көп пайыз менен карыз берген каржы ишканалары улам ачылып, ишин жүргүзүп жатканы айтылган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты