Ташиев коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын айтты
- 4 недели мурун
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда УКМК төрагасы жогорку билим берүү системасынын кызматкерлерине улуттук коопсуздук органдары тарабынан аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат берди. Алсак, 2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыкта тарыхта биринчи жолу мамлекетке 168 миллиард 287 миллион сом өлчөмүндөгү ири зыяндын орду толтурулду. 1174 объект мамлекеттин менчигине кайтарылды (жер, бала бакчалар, пансионаттар, стадиондор, заводдор жана башка). Ал эми 1373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалымдалды.
Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында билим берүү тармагы боюнча УКМК тарабынан жогорку билим берүү системасынын 34 кызматкери – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандыгы үчүн 42 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулуп, жумуштан алынган. Мамлекеттин кирешесине 207 млн 700 миң сом кайтарылган.
Ташиев «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын нормаларына ылайык, 2025-2026-жылдары УКМК өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, бүгүнкү күндө көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде болуп, ал эми мурдагы мезгилдерде үрөй учурган 70-80 пайызды түзгөндүгүн билдирди.