Ташиев коррупцияга каршы жаңы мыйзам, эрежесиз эр уруш, жаңы жылдык корпоратив, куттуктоо, салют тууралуу
- 3 недели мурун
- Баяндар
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасы аркылүү билдирүү жасап, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча күчүнө кирген жаңы мыйзам тууралуу сөз козгоп, андан башка бир катар маселелерге өз оюн билдирди. Ташиев спорттун эрежесиз эр уруш түрүн жоюуну, мамлекеттик мекемелер үчүн жаңы жылдык корпоративди жоюу, жаңы жыл менен президент, спикер жана МинКаб башчысы куттуктагандан кийин башка жетекчилердин куттуктоону токтотуп коюусу туура болорун билдирди.
Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш күчөтүлгөнүн, ошондон улам коррупциялык иштөөгө аралашпоого чакырды.
-Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топ, ОПГ деген бизде жок. Бүгүн биз ушуга жетиштик. Биз коррупцияны да жоюуга жетишебиз кудай буюрса. Ошонун аракетин кылып, күч-аракетибизди жумшап жатабыз. 2025-жылдан баштап, мыйзамдын негизинде бизде эмне болот? Бизде эми мурдагыдай коррупционерлер камалган болсо, мыйзам чегинде штраф менен бошонуп кете албайт, штраф дегенди алып салдык. Мындан ары коррупция менен кармалган адамдар сөзсүз түрдө түрмө жаза мөөнөтүн алышат. Бул бир. Экинчиден, ошол адамдардын жакын туугандары, ата-энеси, бир туугандары же өмүрлүк жары мамлекеттик кызматтарда иштеген болсо, кызматтарынан четтетилет. Ал эми өздөрү болсо жазага тартылгандан кийин, өмүр бою мамлекеттик, муниципалдык органдарда жумушка тура албайт. Бул мыйзамдын катаалдыгы ушунда,-деди Камчыбек Ташиев.
Укук коргоо, коопсуздук, прокуратура жана сот органдарынын кызматкерлерине адамдарды күнөөсүз күнөөлөөгө жол бербөөгө чакырды.
-Адамдарды эч кандай күнөөсүз күнөөлөп, атайын уюштурулган чагым менен же куугунтук менен адамдарды күнөөлөбөгүлө. Эгерде андай боло турган болсо, өзүңөр жоопко тартыласыңар. Ошондуктан, урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мындан ары кимде-ким күнөөсү жок адамды күнөөлөп, сарсанаа кылып же куугунтуктап, жок жерден күнөөгө тартууга аракет кылса, биз аларды мыйзам чегинде катуу жазалайбыз, -деди Ташиев.
Ошондой эле өз оюн кеңеш иретинде билдирип, спорттун түрү катары “Эрежесиз эр урушту” токтотуу керектигин айтты:
-Ачык айтышым керек, эрежесиз эр уруш деген спорттун түрү менен Кыргызстанда машыгууну жана спорттун түрү катары мелдештерди өткөрүүнү токтотушубуз керек. Мунун бизге кереги жок. Эрежесиз эр урушта адамдар, айрыкча күчкө толгон жаш балдарыбыз көпчүлүгү азыр түшүнбөй жатасыңар, келечекти ойлогула, 40тан өткөндөн кийин, 50гө барганда бардыгыңар мушташып жүрүп майып болуп калып жатасыңар. Ошондуктан эрежесиз эр урушту токтотуш керек. Бул спорттун түрү деле эмес, бул мушташтын бир түрү. Спорттун туура багытын тандап алыш керек,-деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев жеке ою катары жаңы жылда салют атуу салтын мамлекеттик органдарда токтотууну сунуштады.
-Бизде 25-26 шаарыбыз бар, ошол жерлерде салют атууну токтотолу, 40 тан ашык райондор бар, мамлекеттик органдарда жок дегенде 50дөн ашык мамлекеттик органда атылат экен. Жеке адамдар өткөрө берсин, -деди ал.
Ал ошондой эле мамлекеттик органдар жаңы жылдык корпоративдерди токтотушу керектигин белгиледи.
-Жаңы жылда корпоратив-кечелерди өткөрүү салты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде аны өткөрүүгө тыюу салгам. Башка мамлекеттик органдарда баары өткөрүп жатышат. Болжол менен эсептегенде 1000ге жакын мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлөт экен, 50дөн 500гө чейин адамдар чогулат экен, бул эбегейсиз чоң чыгымдар болуп жатат, -деди ал.
УКМК төрагасы ошондой эле жаңы жылдык куттуктоолор жагында тартип болушун белгиледи:
-Президент, парламент жетекчиси, Министрлер кабинетинин башчысы куттуктап жатат, ошол эле учурда башка мамлекеттик органдардын жетекчилери силер эмнени куттуктап жатасыңар, президенттен да, спикерден да, Министрлер кабинетинин жетекчисинен да, кыйын куттуктайсыңарбы?! Токтотуш керек, карасаң ар бир район, облус, министрлер, керек болсо, айыл өкмөттөрү куттуктап жатат, уят эмеспи?! Жетекчинин куттуктаганы баарыбыздын куттуктаганы. Тартип ошондон башталат, -деди Ташиев.
Сүрөт: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан