Улан Сариевге депутаттык мандат берилди  

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Улан Сариевди  № 19 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Улан Сариев № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

Бул округдан депутат болуп шайланган Абдылдабек Эгембердиев мандатын өткөрүп берген. Шайлоодо алган добуштарынын саны боюнча кезек Рамис Жунушалиевдики болчу бирок ал алдамчылыкка шектүү катары убактылуу жайда болгондугуна байланыштуу, мандаттан баш тартуу арызын жазган.

Сүрөттө: Улан Сариев. shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты