Чыңгыз Айдарбековго депутаттык мандат берүү кечиктирилип жаткандыгы боюнча президентке кайрылуу жолдонду  

  • 2 недели мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, №21 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Чыңгыз Айдарбековдун өкүлү президентке кайрылып, Борбордук шайлоо комиссиясы Айдарбековго мандат берүү Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тарабынан мыйзамсыз жана негизсиз кечиктирилип жатканын билдирди.

Кайрылууда Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы талапкердин мандаты токтотулгандан кийин, кийинкисине үч күндүн ичинде мандат берүүгө тийиш болсо, аны 28 күндөн бери кечиктирип жатканын билдирди. Кайрылууда президенттен бул кырдаалга көңүл буруп, мандат берүү процедурасынын мыйзамдуулугун камсыз кылуу өтүнүчү келтирилди.

Кайрылуу кат президент Садыр Жапаровго талапкер Чыңгыз Айдарбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурланбек Курсанбековичтин атынан жиберилген.

2026-жылдын 10-мартында БШК Ички иштер министрлигине (ИИМ) Чыңгыз Айдарбековго сот тарабынан жаза берилгенби же жокпу деген маалыматкат берүүнү өтүнгөн. ИИМ БШКга Чыңгыз Айдарбековдун соттуулугу жок экенин билдирген кат жөнөткөн.

Чыңгыз Айдарбековго депутаттык мандат берүү кечиктирилип жаткандыгы боюнча президентке кайрылуу жолдонду  
Чыңгыз Айдарбековго депутаттык мандат берүү кечиктирилип жаткандыгы боюнча президентке кайрылуу жолдонду  

10-мартта Куванычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна мандат добуштардын саны боюнча Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керек. БШК Айдарбековдун соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган. Айдарбековдун өкүлү ИИМ Чыңгыз Айдрабековдун соттуулугу жок деген маалымат жөнөткөнүн билдирди.

Сүрөттө: Чыңгыз Айдарбеков. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты