Ташиев Чүй проспектисинде жолго чыгып кеткен курулмаларды жокко чыгаруу тапшырмасын берди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 8-декабрда, Улуттук коопсуздуек мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен жеринен таанышты.
Буга чейин социалдык тармактарда борбор шаардын Чүй проспектисиндеги Борбордук универмаг жана шаардык универмагдарын бойлой курулуп жаткан соода түйүндөр жана унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча кызуу талкуулар жүргөн.
Мындан улам УКМК төрагасы түзүлгөн кырдаал боюнча жеринен таанышып, жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен жокко чыгарып, шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү болгон жол тилкесин тез аранын ичинде өз калыбына келтирип, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча Курулуш министрлигине, шаар мэрине жана тиешелүү тараптарга тапшырма берди.
“Сиздин эмес, шаардыктардын маселеси чечилиши керек” деди Камчыбек Ташиев аталган жерде курулуш жүргүзүп жаткан мурдагы мэр Нариман Түлеевге.
Өз кезегинде курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду өз калыбына келтирүү, инфраструктуралык абалды жөнгө салуу боюнча милдеттемелерди алып, тез аранын ичинде аткарууну убадалады.
Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин айланасында коомчулукта кызуу талаш-тартыш жүрүп, сын пикирлер айтылууда. Айрымдар баштапкы долбоор башкача болгонун, азыр өзгөрүп калганын, жол кууш болуп, тарып кеткенин айткандар да бар.
Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеев журналисттерге бул боюнча комментарий берип, бүткөнчө чыдай турууну, бул жер Кыргызстандын «Монте-Карлосу» болорун билдирди.
-Мен бүтөйүн, эгерде Түлеев жаман жасап койду десеңер, кайра жасап берейин. Калп айтпайын, атайын бетон, мрамор, бадалдарды алып келгенбиз, 350-400 метр жер, бул жерди Кыргызстандын “Монте-Карлосун” кылып беребиз. Дагы бир-эки ай чыдап койгула, болду, анан ушул жерде басасыңар, ойнойсуңар, күлөсүңөр. Күнү-түнү шаардыктар ушул жерде жүрөт. Алдын шаар кылдык, бүткөндө көрөсүңөр,-деди Нариман Түлеев журналисттерге.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуш болуп жаткан жерде жол тарып кетпегенин билдирген.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




