Чүй проспектисиндеги курулуш сынга кабылды. Түлеев ал жерди Кыргызстандын “Монте-Карлосу” болот деди  

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин айланасында коомчулукта кызуу талаш-тартыш жүрүп, сын пикирлер айтылууда. Айрымдар баштапкы долбоор башкача болгонун, азыр өзгөрүп калганын, жол кууш болуп, тарып кеткенин айткандар да бар.

Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеев журналисттерге бул боюнча комментарий берип, бүткөнчө чыдай турууну, бул жер Кыргызстандын «Монте-Карлосу» болорун билдирди.

-Мен бүтөйүн, эгерде Түлеев жаман жасап койду десеңер, кайра жасап берейин. Калп айтпайын, атайын бетон, мрамор, бадалдарды алып келгенбиз, 350-400 метр жер, бул жерди Кыргызстандын “Монте-Карлосун” кылып беребиз. Дагы бир-эки ай чыдап койгула, болду, анан ушул жерде басасыңар, ойнойсуңар, күлөсүңөр. Күнү-түнү шаардыктар ушул жерде жүрөт. Алдын шаар кылдык, бүткөндө көрөсүңөр,-деди Нариман Түлеев журналисттерге.  

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуш болуп жаткан жерде жол тарып кетпегенин билдирген.    

Сүрөт: Курулуш жүрүп жаткан Чүй проспекти. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты