Ташиев: Бизге кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо тарыхый миссиясы туш келди

  • 2 года мурун

“Бизге кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жыйынтыктоо боюнча тарыхый миссия туш келди”.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

-Бүгүнкү биргелешкен кеңешменин жыйынтыгы боюнча биз жакынкы арада президенттерибиз тарабынан Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери жөнүндө келишимдин долбоорун кол коюуга даярдайбыз деп ишенем,-деди Ташиев.  

Өз кезегинде Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов өзбек тараптын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун макулдашууга толук түрдө чечкиндүүлүгүн ырастады.

«Эки республиканын өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин макулдашуу боюнча тыкыр иш алып барышты. Делимитациялоо процессинин аякташы биздин түбөлүк достугубуздун жана чыныгы бир туугандык мамилелерибиздин бузулбастыгын дагы бир жолу тастыктайт деп ишенем» деди Абдулла Арипов.

Сүрөт: Медиа штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты