Ташиев Баткен аркылуу негизги азык-түлүк сыртка ташылып кетип жатканын айтты

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташып кетүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

24-мартта өкмөттүн антикризистик планы талкууланган жыйында Ташиев коңшу өлкөдө ун менен кумшекер 1,5 эсе кымбат, ал эми өсүмдүк майы жок калганын белгилеп, Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айтты жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери жеке жоопкерчиликте экенин эскертти:

“Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Салык кызматы биргелешип Баткендеги чек араны карагыла. Бардык азык-түлүктү азыр насос менен сордургансып чыгарып кетип жатышат. Чек арага чеп болуп туруп, бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө. Бул негизги максат”.

24-февралда Орусия Украинага кол салган күндөн тартып Кыргызстанда доллар кескин кымбаттап, аны менен кошо негизги азык-түлүктүн жана товарлардын баасы жогорулап кетти.

24-мартта кыргыз өкмөтү кризиске каршы жети пункттан турган план иштеп чыкканы маалым болду. Анын биринчи пункту катары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары көрсөтүлдү. Экономика жана коммерция министрлигинин эсептөөсүндө, бул планды ишке ашыруу үчүн бюджеттен 126 миллиард сом талап кылынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты