Ташиев: «Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат. А меники өтө аз калды»

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ( УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

-Же мени коорупционерлер жеңет же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын. Мамлекет башчыбыздын менин алдыма койгон тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз бирдикте күчтүү, акыйкаттуу мамлекетти курабыз. Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды. Үлгүрүшүбүз керек, -деди Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев билдирүүсүндө коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирди.

-Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, а бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык. Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен женилирээк жаза алып кутулуп келген.

Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүш керек: биз аёосуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз.

Бул экинчи этап 1-1,5 жылга созулат го деп ойлоймун, бул өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар, -деди Ташиев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты