“Таш-Рабат” кербен сарайына реставрация жасала баштады
- 10 месяцев мурун
Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо, реставрациялоо жумуштары башталды.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Бүгүнкү күндө табигый таасирлерден улам бузулуу коркунучунда турган кербен сарайды сактап калуу максатында министрликке караштуу “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тарабынан тендер жарыяланып, илимий изилдөө жана реставрация жумуштары аткарылууда.
Республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде турган “Таш-Рабат” кербен сарайында XX кылымдын 70-80 — жылдарында акыркы реставрациялоо иштери жүргүзүлгөн.
Аталган тарыхый-маданий мурас объектиси 2024-жылдан тартып Министрликтин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында болгон.
Сүрөт: Маданият министрлиги




