Таш-Көмүрдө дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө
- 1 месяц мурун
- Видео
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштерине бүгүн, 12-январда, 36 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, туугандарынан 10 киши болуп жалпысынан 52 адам, 3 дрон тартылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Куткаруучулар керектүү шаймандар жана спутник байланышы менен камсыз болушкан.
2024-жылдын 15-декабрда Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!