Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана муниципалдык менчик департамент директору кармалды
- 3 недели мурун
- Видео
Таш-Көмүр шаардык администрациясынын кызмат адамдары тарабынан Шамалды-Сай шаарында Теңдик айылында, Чуют-Сай айылында жана Ноокен районундагы Кызыл-Алма айылында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин (2024-жылга чейин Таш-Көмүр шаарынын курамында болгон) жакын туугандарынын жана байланышы бар адамдардын пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берилгенин, жасалма аукциондорду арзандатылган баада өткөрүү аркылуу, натыйжада муниципалдык бюджетке олуттуу зыян келтирилгени аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле учурда темир жолдун боюндагы суу коргоо зонасында жана санитардык коргоо тилкесинде коммерциялык объектилер үчүн жер участокторун бөлүп берүү фактылары аныкталган.
Бул фактынын негизинде, 22-октябрда Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри К.Н.А. жана мэрияга караштуу муниципалдык менчик департаментинин директору К.У.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.


Иллюстрациялык баш сүрөт: УКМК видеосунан алынды.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




