“Тарифтерди төлөш оор болуп калды”. Депутат Бекешев Бишкекте ысык суу жана жылытуу тарифтери тууралуу   

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарында жылытуу, ысык суу жана башка төлөмдөр өтө кымбаттап кеткендигин, буга анализ жүргүзүп, маселени Министрлер кабинетинин жыйынында талкуулоо керектигин билдирди.

-Мага бир топ шаардыктар кайрылып жатат. 2024-жылы тарифтер бир топ эсе өстү, лифт, ысык суу, жылытуу, муздак суу, таштанды, электр энергиясы. Былтыр бүт баары өсүп, жарандар өтө кымбат болуп калды деп айтууда. Өзгөчө жылытууга көңүлдү бурат элем. Өткөн жумада ишкерлер менен жолуктум, алар “керек болсо жылытуудан баш тартабыз” деп жатышат. Себеби жылытууга 40-50 миң сомдон келип жатат, коммерциялык тариф менен таптакыр оор болуп калды деп жатышат, кичине кеңселер, чакан ишкерлер баш тартабыз деп жатышат.

Жарандарга тарифтерди төлөш оор болуп калды. Биринчиден, анализ кылыш керек, коммуналдык төлөмдөр кандай алынып жатат, 2024-жылга салыштырмалуу канча жаран төлөп жатат, канчасы төлөй албай калды. Тарифтерди өтө көтөрүп жиберген жокпузбу, анализ кылыш керек. Жарандар өтө көтөрүлүп кеткенин айтышууда. Балким убактылуу жылдырып төлөө же тарифтерди мурунку деңгээлине кайтарбаса да, кичине азайтуу керек. Бул шаардыктар үчүн абдан оор болууда. Мен прокуратурага ашык жазуулар боюнча кайрылдым, прокуратура аны тастыктады. Бирдиктүү электрондук төлөмгө өтүүдө ашыкча эсептөөлөр болгон. Прокуратура Бишкек мэриясына бул тууралуу билдирип, туура эместиктерди жоюуга чакырган. Бул маселени Министрлер кабинетинин жыйынында карагыла,-деди депутат Бекешев.

Бишкек мэриясы буга чейин жылуулук үчүн эсеп-кысаптын көбөйүшү 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта жылуулук энергиясынын тарифтеринин жогорулатылышына байланыштуу экендигин билдирген.

Мэриянын маалыматына ылайык, жалпы аянты 80 м2ге чейинки турак жайлар үчүн ай сайын колдонулуучу жылуулук энергиясынын социалдык нормасы киргизилген. Бул норма социалдык тариф боюнча 1 Гкал үчүн 1560 сом төлөнөт.

Панель үйлөрдүн 105-сериясындагы батирлер үчүн болжолдуу жылытуу наркы (1 560 сом/Гкал тарифи боюнча):
* 1 бөлмөлүү батир (35,1 м2) —сарпталган жылуулук 3,6 Гкал — 5616 сом.
* 2 бөлмөлүү батир (48 м2) — сарпталган жылуулук 4,93 Гкал — 7691 сом.
* 3 бөлмөлүү батир (61 м2) — сарпталган жылуулук 6,31 Гкал — 9844 сом.
1 м2 аянтка жылуулук үчүн болжолдуу нарк: 1 560 сом/Гкал тариф боюнча жылына 160,2 сом.
80 м2ден ашкан жалпы аянттагы турак жайлар үчүн жылуулук энергиясынын тарифтери социалдык нормадан ашкан ар бир м2 үчүн орто эсеп менен 5998,17 сом/Гкал тарифинде алынат.

Ошондой эле мэрия сарпталган жылуулук энергиясы төмөнкү ыкма боюнча эсептелерин көрсөттү:

Бишкектеги орточо жылытуу мезгилиндеги температура +0,2 °С.
* Үйдүн ичинде орточо температура +18 °С.
* Үйдүн өлчөмү жана курулуш материалдары.
* Бишкектеги жылытуу мезгили 150 күн.
* Жылуулук айлар боюнча ар бир айдын орточо температурасына жараша бөлүнөт. Жылытуунун наркы турак жайдын аянтына жана орнотулган тарифтерге жараша болот.

Сүрөттө: Дастан Бекешев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты