Бишкек мэриясы жылуулук үчүн эсеп-кысаптын көп чыгып жатканы боюнча түшүндүрдү
- 2 года мурун
Бишкек мэриясы борбор шаарынын тургундарынын декабрь айы үчүн жылуулук жана ысык суу үчүн квитанциялардагы сумманын эмнеден улам көп чыгып жаткандыгы боюнча түшүндүрдү.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы декабрь айында жылытуу жана ысык суу үчүн эсептелген суммалар ноябрь айына караганда жогору экенин билдирет. Бул жылуулук берүү мезгилинде абанын температурасына жараша 5 айга бирдей бөлүнбөстүгү менен байланыштуу»,- деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, ноябрь айына салыштырмалуу декабрь айында жылуулук көбүрөөк бөлүнөт. Мисалы, жалпы бир жылдык жылуулуктун көлөмүнөн ноябрь айында — 17%, декабрда — 22%, январь айында — 25%, февралда — 20%, ал эми мартта — 16%.
Ошондой эле, декабрь айында орточо абанын температурасы нормадан төмөн болуп, -2,1 °С (норма -1,1 °С) түзсө, ноябрь айында ал нормадан жогору болгон: +6,5 °С (норма +3,8 °С). Ушул себептүү байланыштуу жылуулукту керектөө көбөйүп, бул квитанциядагы суммаларга таасирин тийгизери айтылды.
«Эсептөөлөр жылуулук энергиясын эсептөө методикасы боюнча жүргүзүлөт. Ай сайын эсептелген сумма абанын орточо айлык температурасына түздөн-түз байланыштуу болот, аны Кыргыз Республикасынын гидрометеорологиялык кызматы камсыз кылат. Жылытууда ошол канчалык суук болсо, эсептелген сумма ошончолук жогору болот»,- деп билдирди мэрия.
Мындан тышкары жылуулук үчүн эсеп-кысаптын көбөйүшү 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта жылуулук энергиясынын тарифтеринин жогорулатылышына байланыштуу экендиги айтылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, жалпы аянты 80 м2ге чейинки турак жайлар үчүн ай сайын колдонулуучу жылуулук энергиясынын социалдык нормасы киргизилген. Бул норма социалдык тариф боюнча 1 Гкал үчүн 1560 сом төлөнөт.
Панель үйлөрдүн 105-сериясындагы батирлер үчүн болжолдуу жылытуу наркы (1 560 сом/Гкал тарифи боюнча):
* 1 бөлмөлүү батир (35,1 м2) —сарпталган жылуулук 3,6 Гкал — 5616 сом.
* 2 бөлмөлүү батир (48 м2) — сарпталган жылуулук 4,93 Гкал — 7691 сом.
* 3 бөлмөлүү батир (61 м2) — сарпталган жылуулук 6,31 Гкал — 9844 сом.
1 м2 аянтка жылуулук үчүн болжолдуу нарк: 1 560 сом/Гкал тариф боюнча жылына 160,2 сом.
80 м2ден ашкан жалпы аянттагы турак жайлар үчүн жылуулук энергиясынын тарифтери социалдык нормадан ашкан ар бир м2 үчүн орто эсеп менен 5998,17 сом/Гкал тарифинде алынат.
Ошондой эле мэрия сарпталган жылуулук энергиясы төмөнкү ыкма боюнча эсептелерин көрсөттү:
Бишкектеги орточо жылытуу мезгилиндеги температура — +0,2 °С.
* Үйдүн ичинде орточо температура — +18 °С.
* Үйдүн өлчөмү жана курулуш материалдары.
* Бишкектеги жылытуу мезгили 150 күн.
* Жылуулук айлар боюнча ар бир айдын орточо температурасына жараша бөлүнөт. Жылытуунун наркы турак жайдын аянтына жана орнотулган тарифтерге жараша болот.
Сүрөт: интернет булактары




