Тамеки заттарынын аткезчилигине бөгөт коюлду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кыргызстандан Казакстанга тамекинин ири партиясын мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

22-майда Кыргызстандан Казакстанга чыгып кетип жаткан учурда «Чоң-Капка-унажолу» өткөрмөсүнөн А.Р.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат берүү жөнүндөгү коштоочу документтери жок 89 куту тамеки буюмдары табылган.

Маалыматта айтылгандай, учурда КР УКМК тарабынан салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул мыйзамсыз ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты