Финансылык сабаттуулук: Мигранттар үчүн мурдагыдай эле маанилүү

  • 2 месяца мурун

Улуттук банкта 18-декабрь — Эл аралык мигранттар күнүнө карата «Мигранттар жана алардын үйбүлөлөрү үчүн финансылык сабаттуулук» аттуу окуу куралынын бет ачары боюнча жолугушуу болду

Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.  

Иш-чарага Улуттук банктын төрагасынын орун басары А. Козубеков, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Б. Дарманкул уулу, Миграция боюнча эл аралык уюмдун кеңсесинин башчысы Б. Молдобаева; Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Миграция боюнча эл аралык уюмдун Борбордук Азия жаштар кеңешинин, жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктин, Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонддун, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» ЮЖБ өкүлдөрү, ошондой эле ЖМК өкүлдөрү катышты. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары А. Козубеков өз сөзүндө Улуттук банк финансылык сабаттуулукту жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ал финансылык сабаттуулук мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн мурдагыдай эле маанилүү маселе бойдон калгандыгын кошумчалады.  

Презентациянын жүрүшүндө Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин колдоосу менен «Эмгек миграциясы программасы — Борбордук Азия» долбоорунун алкагында иштелип чыккан окуу куралында чет өлкөгө эмгек миграциясына кетип жаткан жарандар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча адистештирилген модулдар камтылганы белгиленди.

Анда финансылык сабаттуулук боюнча негизги темалар камтылат, ошондой эле эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөсүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана муктаждыктарына ылайык иштелип чыккан. 

Сүрөт: www.nbkr.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты