“Талибан” Ооганстанда чет өлкөлүк валютаны колдонууга тыюу салды  

  • 2 года мурун

Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» радикал кыймылы өлкөдө башка мамлекеттердин валютасын колдонууга тыюу салды.

Талибдер мындай күтүүсүз чечимди 2-ноябрда Кабулдагы аскердик госпиталга кол салуудан 25 киши каза тапкандан кийин кабыл алды.

«Талибан» ЖМКларга тараткан билдирүүдө «өлкөдөгү экономикалык абал менен улуттук кызыкчылыктар оогандыктардан каржылык операцияларды жүргүзүүдө улуттук валютаны гана колдонууну талап кылып жатканы» жазылган.

Ооганстанда АКШ доллары кеңири таралган. Мындан тышкары чек ара аймактарына жакын жашаган тургундар соода кылууда коңшу өлкөлөрдүн акчасын, мисалы Пакистандын улуттук валютасын көп колдонушат.

«Талибандын» бул чечими өлкө экономикасын дароо банкротко кептеши мүмкүн. Учурда Ооганстандын экономикасы эл аралык жардам токтоп калганына байланыштуу кыйроо алдында турат. Бүгүнкү күндө өлкө каражат жагынан каатчылыкка кабылып, кургакчылыкты жана миграциянын жаңы агымын башынан кечирүүдө.

Ооганстандын чет өлкөлөрдө, анын ичинде АКШнын Федералдык резерв системасы менен Европа өлкөлөрүндө миллиарддаган долларлык активдери бар. Бирок өлкөдөгү бийликти «Талибан» басып алгандан кийин ал каражаттар камакка алынган. Мындан тышкары Вашингтон Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык насыя берүүчүлөрдүн Ооганстанга жардам берүүсүнө да бөгөт койгон.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Ооганстан дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болуп эсептелет жана мамлекеттик бюджеттин төрттөн үч бөлүгүн түзгөн чет элдик жардамга муктаж. Азыр бул жардамдын баары токтоп калган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты