Бишкектеги массалык мушташ боюнча чет өлкөлүк 20 жаран кармалды

28-августтагы Бишкектеги массалык мушташ боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун милиция кызщматкернлери тарабынан чет өлкөлүк 20 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштар башкы башкармалыгы билдирди.  

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ)   «102» кызматына 28-августта болжол менен саат 22:10до чет өлкөлүк жарандардын ортосунда мушташ болуп, чыр-чатак жаралышы мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуяга тиешеси бар 20 чет өлкөлүк жаран аныкталып, райондук башкармалыкка жеткирилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган жарандарга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, алар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана Кыргыз Республикасынын аймагынан депортацияланууга жатат. Учурда кырдаал милициянын көзөмөлүндө, абал туруктуу.

Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандардын массалык мушташы боюнча иликтөөиштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

Кечээ, 28-августта, кечинде социалдык тармактарда Бишкекте чет өлкөлүк жарандар массалык түрдө мушташып жаткандыгы тууралуу видеотасма тараган.

Бишкектеги массалык мушташ боюнча чет өлкөлүк 20 жаран кармалды
Бишкектеги массалык мушташ боюнча чет өлкөлүк 20 жаран кармалды
Бишкектеги массалык мушташ боюнча чет өлкөлүк 20 жаран кармалды
Бишкектеги массалык мушташ боюнча чет өлкөлүк 20 жаран кармалды

Сүрөттөр: Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты