«Талибан» кыймылынын делегациясы Москвага барды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 20-октябрда «Талибан»* кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрү Москвага барышты. Аларды Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кабыл алды.

«Талибандын» делегациясын Ооганстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусунун орун басары Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ахмадулла Муттаки жетектеп барды.

Ушул тапта Мосвкада Ооганстан боюнча эл аралык жыйын өтүп жатат. Ага Кытай, Пакистан жана башка мамлекеттердин расмий өкүлдөрү катышууда.

Бул талибдердин Кабулдагы өкмөттү кулатып, бийликти басып алгандан бери алгачкы ирет эл аралык жыйынга катышып жатышы.

Орусиянын Ооганстандагы элчиси Дмитрий Жирнов жолугушууда талибдердин өкмөтүн таануу маселеси козголбой турганын журналисттерге айтты.

Расмий түрдө «Талибан» кыймылы Орусияда террордук уюмдардын тизмесине кирет.

* Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган террордук уюм.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты