Таластагы медициналык колледждин директору пара алып жатканда кармалды

Таластагы медициналык колледждин директору Б.Г.А. 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. жана аталган окуу жайдын башка кызматкерлери окуунун бюджеттик жана контракттык түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алып турушкан.

Алар кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуу менен акчалай сыйлыкка абитуриенттерге тесттин суроолорунун алдын ала даярдалган туура жоопторун беришкен.

Таластагы медициналык колледждин директору пара алып жатканда кармалды

Сүрөт жана видео: УКМК.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты