Таласта жергиликтүү кеңеш депутаты 4,2 млн сом опузалоого шектелип кармалды

  • 4 месяца мурун

Талас облусунун Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды.  Ал 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалоого шектелүүдө.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин  (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Ал 25-декабрда Бишкек шаарында 1 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Ушул жылдын декабрь айынын башында Ч.Т.Ж. Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн утуп алган 67 млн сом өлчөмүндөгү тендердин жалпы суммасынын 6% өлчөмүндө компенсация катары бересин деп жеке ишкананын директорун опузалап, 4 миллион 200 миң сом акча талап кыла баштаган.

Депутат ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштеринде тоскоол болорун билдирген.

Кармалган шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.  

Таласта жергиликтүү кеңеш депутаты 4,2 млн сом опузалоого шектелип кармалды

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты