Таласта өрт чыккан тилкеде 100дөн ашык куткаруучу жана кызматкер нөөмөттө болду

Кыргыз-казак чек арасындагы ачык аянттан чыккан өрттөн Кыргызстан тарабын өрт өчүрүүчүлөр 29-июлда саат 20:50дө өчүрүшкөн. Кургак чөптөн чыккан өрттүн жалпы аянты болжол менен 7 гектарды түздү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Кыргыз-казак чектешкен аймакта шамал болуп, жалын тутануу коркунучу болгондуктан, 81 куткаруучу жана Талас токой чарба кызматынан 36 кызматкер, жалпы 117 киши нөөмөттө калышты.

29-июлда кыргыз-казак чектешкен аймакта ачык аянттан өрт чыккан.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты