Бишкекте «Кудайберген» базарынан чыккан өрт өчүрүлдү

Бүгүн, 15-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан “Кудайберген” базарындагы өрт саат 09:38де өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)  Бишкек шаардык башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрттүн болжолдуу аянты 250 ч.м. түзөт.

Тилсиз жоодон жарат алган жарандар жок. Өрт кырсыгында 6 күжүрмөн эсеп, штаб жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жеринде иштеди.

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Патриса Лумумбы көчөсүндө жайгашкан “Кудайберген” базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:45те Ленин райондук №6 өрттөн сактоо башкармалыгынан бир, саат 07:52де дагы өрт өчүрүүчү унаа, жалпысынан алты унаа, штаб жеринде иштеген.

Өрттүн себеби иликтенүүдө.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты