Орто-Сай айылында үйдөн өрт чыгып, эки киши жабыркады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарына караштуу Орто-Сай айылынын Ормокоев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрттү өчүрүүгө өрт өчүрүүчү 3 унаа жана штаб тартылган. Өрт  саат 14:01де өчүрүлгөн.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 300 ч.м. түзгөн.

Кырсыктын кесепетинен эки киши жабыркаган. Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган К.О. аттуу аял жана 1987-жылы туулган К.С. аттуу эркек киши колунан күйүк алган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты