Бишкекте кампадан чыккан өрт өчүрүлдү
- 1 месяц мурун
Бишкекте Мозолев көчөсүндө жайгашкан кампадан бүгүн, 10-апрелде өрт чыккан. Өрт саат 19:23 өчүрүлгөн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.
«Тилсиз жоону» өчүрүүгө саат 17:15те 5 унаа тартылган. Мындан сырткары кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жана штаб тартылган.
Өрттүн аянты болжол менен 380 чарчы метрди түзгөн.
Кырсыктын кесепетинен бир киши колунан күйүк алган. Ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы канаттандырарлык экени маалымдалды.
Өрттүн себеби иликтенүүдө.
Сүрөт: ӨКМ Бишкек башкармалыгы
Муну бөлүшүү




