Таласта ок атуучу курал жана ок-дары сакталган жай табылды
- 4 дня мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Талас шаарында курал-жарак сакталган жайды табышты.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда: 12 жана 16 калибрлүү (кесилген стволдуу) жылмакай 2 мылтык, кичине калибрлүү 3 мылтык, 2 травматикалык тапанча, 1 граната, 5,45 калибрлүү 71 ок-дары жана 7,62 калибрлүү 26 ок-дары табылган.
Бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Сүрөттө: УКМК
Муну бөлүшүү




