Таласта Манас айылынын тургуну уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясын тамаша иретинде жайылткандыгы үчүн кармалды  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Талас районунун Манас айылынын 2001-жылы туулган тургуну О.А.Б. аттуу жаран облустун аймагынан кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Алынган маалыматтарга караганда, «Instagram» социалдык тармагында аталган жарандын катышуусундагы «Таластын смотрящий баласы» аттуу видео-ролик жарыяланган, анда Талас районунун Чат-Базар, Кара-Суу жана Манас айылдарынын тургундарын “Весь Кыргызстанды кармагым келет…. бироо кыңк десе эле өлөт” деп коркутуп, өзүн аталган айылдардын көзөмөлчүсү катары көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аныкталгандай, кармалган О.А.Б. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес жана буга чейин да болгон эмес, анын билдирүүлөрү юмордук мүнөздө болгон. Мындан улам, ага жана анын жакын туугандарына карата мындай билдирүүлөргө жана «кылмыш дүйнөсүнүн» идеологиясын пропагандалоого жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты