Таласта банкроттоо жол-жоболорун мыйзамсыз жүргүзүүнү уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды
- 3 недели мурун
“Г.К.М.“, “Е.Н.Н.” ЖЧКларын банкроттоо жол-жоболорун мыйзамсыз жүргүзүүнү уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, “Г.К.М.”, “Е.Н.Н.” ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Талас облусунун Айтматов районунун Корумтор аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензияны кармап туруу үчүн 144 461 322,47 сом өлчөмүндө жыйымдын эсептелгенин билген.
Бирок мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен аталган төлөмдөрдү мамлекеттин кирешесине төлөөдөн баш тартуу боюнча схема уюштурган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бардык тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы