Таласта Аманбаев айыл кеңеш төрагасы жана атайын администратор  кармалды

  • 9 месяцев мурун

Талас облусунда коррупция фактысы боюнча Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы Н.У.М. жана атайын администратор Э.А.М. кармалды.

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын администратор Э.А.М. тарабынан «Күркүрөө» дыйкан чарбасынын банкроттоо жол-жобосун жүзөгө ашыруу шылтоосу менен, 46 жер тилкесине укук белгилөөчү документтер, анын ичинде Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы Н.У.М.га  жана анын жакын адамдарына 12 жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги аныкталган. Көрсөтүлгөн жер тилкелери иш жүзүндө «Күркүрөө» дыйкан чарбасынын балансында болгон эмес, ал эми айрымдары токой тилкелери болгон, аларды тескөөнүн өзгөчө тартиби белгиленген” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул факты боюнча 26-февралда аталган адамдар кармалып, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

Тергөө иш-чаралары улантылып жатканы айтылды.

Таласта Аманбаев айыл кеңеш төрагасы жана атайын администратор  кармалды
Таласта Аманбаев айыл кеңеш төрагасы жана атайын администратор  кармалды

Баш сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты