Таласта коронавирус илдетин аныктоочу лаборатория ачылды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусундагы иш сапарынын алкагында коронавирус илдетин аныктоочу вирусологиялык лабораториянын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңыдан ишке берилген лаборатория алдыңкы жабдуулар менен камсыздалып, суткасына 800гө чейин анализди талдап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Буга чейин Таласта алынган ПЧР-тесттери Бишкекке жөнөтүлүп, жыйынтыгы борбор калаадан аныкталып келген.

Мындан тышкары жакын арада лабораториянын профили башка бир катар лабораториялык иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча кеңейтилээри белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты