Талас мамлекеттик университетинде коррупциялык схема аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети  (УКМК) тарабынан Талас мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Талас мамлекеттик университетинин ректору У.А. Ш. жана башкы бухгалтери К.Г. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра университет жетекчилигине 6 миң сом кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом акчалай сыйлык ыйгарып турган.

Мындан тышкары, аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.

Ошондой эле, ректор  кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенгендиги аныкталган.

Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык У.А.Ш. Талас облустук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө улантылып жаткандыгы белгиленди.  

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты