Талапкер шайлоо өнөктүгүн каржылоонун тартибин бузууга шектелүүдө

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 25-ноябрда бир мандаттуу №7 Ош шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер А.Б.ны шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууга шектүү катары кармады.

Талапкер УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына жеткирилди.

Ал үгүт маалында ишенимдүү кишилерине жана үгүтчүлөрүнө накталай акча каражатын төлөп, шайлоо фондунан тышкаркы үгүт иштерин каржылаганы аныкталды.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ал эми БШКнын “Талапкер” сайтынан белгилүү болгондой,  №7 Ош шайлоо округу боюнча талапкерлердин бири катары Арзибаев Бекболот катталган.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты