Марлен Маматалиев: «Бүгүнкү күнү Кыргызстандын бюджети 182 млрд сомду түзөт». Текшеребиз

Кечээ, 22-ноябрда КТРК телеканалында парламенттик шайлоого аттанган партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты башталды.

Теледебаттын биринчи күнүндө “Аруузат-Эл Куту”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Альянс” партияларынын өкүлдөрү беттешти.

Дебаттын жүрүшүндө “Ынтымак” партиясынын өкүлү Марлен Маматалиев “Альянс” партиясынан талапкер Жанар Акаевдин “Депутат болуп шайланып калсаңыздар, жөлөкпул маселесин кантип чечет элеңиздер?”  деген суроосуна жооп берип жатып, социалдык коргоого мамлекеттик бюджеттен 11 млрд сом бөлүнгөнүн, ал эми Кыргызстандын бюджети бүгүнкү күндө 182 млрд сомду түзөрүн айтты. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Ачык бюджет мамлекеттик порталындагы маалыматка ылайык, 2021-жылы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешелер бөлүгү 192 454 979 835,82 сомду түзгөн. Ал эми социалдык коргоого 11 307 867 365,03 сом бөлүнгөн. 

Марлен Маматалиев: "Бүгүнкү күнү Кыргызстандын бюджети 182 млрд сомду түзөт". Текшеребиз
Марлен Маматалиев: "Бүгүнкү күнү Кыргызстандын бюджети 182 млрд сомду түзөт". Текшеребиз

Жыйынтык: Марлен Маматалиев берген маалымат жарым-жартылай чын. Кыргызстандын мамлекеттик бюджети талапкер айткан суммадан көбүрөөк. Ал эми социалдык коргоого бөлүнгөн каражаттын суммасы талапкердин айткандарына дал келет. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты