Төрага Маматалиев парламенттин мурдагы төрагалары менен жолугушту

  • 1 месяц мурун

6-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев өлкө парламентин ар кайсы жылдары жетектеген төрагалар менен жолугушту.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымат жарыяланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Марлен Маматалиев экс-төрагаларды  Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан реформалар менен тааныштырды. Өзгөчө санариптештирүү иштерине, ошондой эле парламенттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык максаттарга жана милдеттерге токтолду.

Ал эми мурдагы төрагалар Жогорку Кеңеште ишке ашырылып жаткан өзгөртүүлөргө оң бааларын беришти.

Акыркы жылдары Кыргызстан экономика, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык кызматташтык сыяктуу негизги багыттар боюнча туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгилешти.

Баарлашуунун алкагында өлкөнүн эл аралык аренадагы жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы тарыхый ийгилик катары бааланды.

Ошону менен катар жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан үчүн эл аралык маанидеги Шанхай кызматташтык уюмунун алдыдагы саммити тууралуу сөз кылышып, кыргыз маданий мурастарын даңазалоодогу жана башка мамлекеттер менен гуманитардык байланыштарды чыңдоодогу уникалдуу аянтча катары саналган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролу боюнча пикирлерин билдиришти.

Андан тышкары төрага Марлен Маматалиев мыйзам чыгаруу ишин бекемдөөгө жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн мурдагы төрагаларга атайын төш белгилерди ыйгарды.

Төрага Маматалиев парламенттин мурдагы төрагалары менен жолугушту

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты