Такыр-Төр суусунун көлөмү көбөйүп, 782 киши эвакуацияланды

Бүгүн, 1-июлда, саат 09:00го карата өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссиясы менен Алмалуу айлынан 500, Кебек-Бий (Горная-Серафимовка) айылынан 240, Нижняя-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнөн 42 адамды коопсуз жайга эвакуациялады.

Нижняя-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүндөгү жарандар тез жардам менен эвакуацияланды. Эвакуация иштерине ӨКМден 21 кызматкер, 4 АКУ, ички иштер министрлигинен (ИИМ) 80 кызматкер, 15 ыкчам унаасы, 8 “Тез жардам” унаасы, 7 кичи автобус жана жеке менчик жеңил унаалар тартылган.

Маалым болгондой, 1-июлда түнкү саат 03:00 чамаларында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн агып чыккан суунун көлөмү көбөйүп, Алмалуу жана Горная-Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жолду каптап, жол жабылган.

Эвакуация болгон жарандардын айрымдары өз үйлөрүнө кайтышууда.

Такыр-Төр көлүнүн абалы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты