Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы суу алгычтарда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын маалымдады.

22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы башка объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактарга Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, «Алтын-Ордо», «Кара-Жыгач» конуштары  жана «Полицейский городок» кирет.

Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу «Контррезервуарлар» суу топтомосунда  жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

24-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин суу өчүрүлө турган аймактарга Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймак, Жибек Жолу проспектиси, Айдарбеков көчөсү, БЧК, Саадаев көчөсү — Күрөңкөев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын түндүк тарабындагы аймак жана Маевка айылы кирет.

Мындан тышкары, «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын-Бешик», «Салам-Алик», «Ак-Босого» конуштарына, ошондой эле Ала-Арча айылына суу берүү  убактылуу токтотулат.

Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу «Түндүк» суу топтомосунда  жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

«Бишкек суу канал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандардан, уюмдардан ичүүчү суу менен алдын ала камданып алууну өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты