“Такыр-Төр” көлүндөгү кырдаалды жоюуга 76 адам, 12 техника тартылды
- 1 год мурун
Бүгүн Чүй облусунун аймагындагы “Такыр-Төр” көлүнөн агып жаткан суунун көлөмү секундасына 2–3 куб метрди түзүүдө. Абал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган.
Көлдүн абалын жеринен байкоо үчүн ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо департаментинен жана Улуттук илимдер академиясынан бирден адис тартылып, аэровизуалдык байкоо жүргүзүүдө.
Ал эми суу каптоо тобокелдигин азайтуу жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштерине жалпысынан 76 адам, 12 техника тартылды. Алардын ичинде ӨКМден 17 кызматкер жана 3 техника, Ички иштер министрлигинен 40 кызматкер, жергиликтүү бийлик органдарынан 19 адам, ошондой эле жол тейлөө мекемелерине тиешелүү 5 техника жана жеке менчик 2 экскаватор иш алып барууда.




