Такси айдоочу кардарынын 2600 долларын уурдап алууга шектелүүдө
- 2 месяца мурун
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери кардарынын 2600 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчасын уурдап алууга шектелген такси айдоочуну аныктады.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы 27-мартта билдирди.
2025-жылы 25-мартта милицияга Х.К. аттуу айым кайрылып, анын бир тууганы Ш.У.нун 2600 долларын Түркияга учуп кетээр алдында уурдагандарды аныктап берүү үчүн арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 25-мартта, болжол менен 04:40та бир тууганы Ш.У. Түркияга учуп кетээр алдында “Манас” аэропортунан 2600 долларын жоготуп алганын баамдаган.
Бул факты Сокулук райондук ички иштер башкармалыгында катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси, уурулук боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган суммадагы акчаны уурдоого такси айдоочу, 1997-жылы туулган С.У. шектүү болуп чыккан. Анын кардары Ш.У. жолдон унааны токтоттуруп, дүкөнгө кирип чыккан. Ошол учурда акча жана кийимдери салынган сумкасын таксинин ичине калтырып койгон. Таксинин айдоочусу кардар дүкөнгө түшкөндө анын сумкасын аңтарып, ичинен 2600 долларды уурдап алган деп шектелүүдө. Аэропортко жеткенде кардарды таштап, өзү белгисиз жакка кетип калган.
Тергөө учурунда таксинин айдоочусу Ш.У. нун 2600 долларын арыз ээсине кайтарып бергендиги маалым болду.
Тергөө улантылууда, такси айдоочу С.У. мыйзам боюнча жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленди.

Сүрөттөр: Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы.