Тайланд Өзбекстан жана Казакстан үчүн визасыз режимдин мөөнөтүн узартат

  • 2 месяца мурун

Тайланддын өкмөтү бир катар өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен Казакстандан келген туристтер үчүн, виза талабынан баш тарта турганын жарыялады. Бул тууралуу Bangkok Post басылмасы билдирди.

Тайланд жалпысынан 36 өлкө үчүн визаны алып салууда. Алардын арасында Өзбекстан менен Казакстандан тышкары Камбоджа, Кытай, Индия, Ямайка, Лаос, Мексика, Марокко да бар.

Эми бул өлкөлөрдөн барган туристтер Тайландда азыркыдай 30 күндүн ордуна 60 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Ошол эле учурда Тайланд өкмөтүнүн басма сөз катчысы Чай Вачарондун айтымында, өлкөгө визасыз кирүү укугу бар мамлекеттердин тизмеси 57ден 93кө көбөйтүлөт.

Виза жыйымдарынан түшкөн киреше азаят, бирок бул жоготуулар туризм тармагынан түшкөн кирешенин көбөйүшү менен жабылары белгиленген.

Чет элдик университеттердин студенттери эми окуу жайды аяктагандан кийин өлкөдө бир жыл кала алышат. Буга чейин алар окуусун аяктагандан кийин дароо Тайланддан кетүүгө тийиш болгон.

Жогорудагы чаралар 1-июндан тартып күчүнө кирет.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты